Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бир катар эл аралык макулдашууларды карап, колдоду.
Парламенттен билдиришкендей, аталган комитет кезектеги жыйынында “2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов маалымат берди.
Баяндамачы белгилегендей, каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстан менен Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо максатында даярдалган.
“Макулдашуу тараптардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, товар жүгүртүүнү жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт”, — деди Искендер Асылкулов.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Жылдыз Садырбаева товар жүгүртүүнүн көлөмүнө кызыгып, ошондой эле Кыргызстандан Гонконгго кандай товарлар экспорттолуп, андан кандай товарлар импорттолорун сурады.
Буга баяндамачы 2025-жылы товар жүгүртүү 26,2 млн АКШ долларын түзгөнүн билдирип, мында экспорттолуучу товарлардын 95%ын тамеки продукциясы менен авиациялык керосин камтый тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле суроого жооп берип жатып, Искендер Асылкулов учурда Кыргызстанда Гонконг капиталынын катышуусу менен 39 компания иштеп жатканын маалымдап, макулдашуунун кабыл алынышы резиденттердин санынын артышына, тиешелүү түрдө салык базасынын кеңейишине жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал эми депутат Жаныбек Аматов макулдашууда каралган салык төлөөдөн качуунун алдын алуу механизмдерине кызыкты.
Андан тышкары, тармактык комитеттин мүчөлөрү макулдашууга киргизилген бир катар келишимдерди да талкуулашты. Алардын катарында:
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Пакистан өкмөтүнүн ортосундагы транзиттик соода жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинетинин “Өмүкө сугат каналы (Нарын облусунун Ат-Башы району) жана Чоң Талас каналынын (ЧТК) (Талас облусунун Бакай-Ата жана Айтматов райондору) долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо” долбоорун гранттык каржылоо жөнүндө макулдашуу – катынын долбоору;
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ортосундагы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин статусу жана ишмердүүлуүгү жѳнүндѳ макулдашуунун долбоору бар.