Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Айкөл Манастын жаңы айкели жасалып, ордо калаа Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулду. Айкелди жаңылоо иштери былтыр жайында башталып, туура бир жылдан ашуун убакытта бүткөрүлдү. Кыргызстандын эгемендигинин 34 жылдыгына карата Манастын жаңы айкелин ачуу аземи жакын арада күтүлүүдө.
Долбоордун негизги максаты айкелди жаңылоо, заманбап талаптарга шайкеш келтирүү, анын концептуалдык конструкциясын бекемдөө, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу болчу. Бул максаттар кандайча ишке ашты? Жаңы жасалган Манас айкелинин мурдагысынан айырмасы, камтылган идеясы жана концепциясы тууралуу “Кабар” агенттигинин студиясында долбоордун автору, скульптор Тамила Маматова маек курду.