Таластагы жолдордун курулушуна көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 105 17 Август 2026 09:10
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.58.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Талас облусунда бир катар жол объектилериндеги курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Текшерүү иштерин министрдин орун басары Бактылуу Момбеков жүргүздү. Анын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз, Талас – Беш-Таш жана Кировка – Гребень – Плотина жолдорундагы иштердин абалы каралды.

Ошондой эле "Чыңгыз Ааламы" жана "Манас-Ордо" тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдордун курулушу текшерилди.

Жооптуу кызматкерлерге жана подрядчы уюмдарга жол курулуштарынын сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана иштерди өз убагында аяктоо тапшырылды.

"Жол куруудагы негизги талап – сапат. Ар бир объект боюнча көзөмөл күчөтүлүшү керек", – деди Бактылуу Момбеков.