Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев облус аймагындагы жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда Эрмат Жумаев облуска кире бериштеги арканын реконструкциясы, RestPoint'тун курулушу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле облус башчысы Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык туристтик аймактын курулушу менен таанышты. Мындан тышкары, ал "Манас Ордо" улуттук комплексиндеги курулуш жана реконструкция иштеринин сапатын текшерип, жеринде облустук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте көйгөйлөрдү чечти.
Ал куруучуларга жыйын өткөрүп, бардык курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүгө үндөдү.
"Мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө Талас облусуна насип болуп турат. Мындай жоопкерчилик элибиз жана облус тургундары үчүн сыймык болушу керек. Анткени эгемендүүлүк майрамын белгилөө менен бирге Талас облусунда бир катар ири инфраструктуралык, социалдык, маданий, чарбалык жана туристтик багыттагы курулуштар жүрүп, президент Садыр Жапаровдун каржылык колдоосунун негизинде өнүгүп жатат. Буга байланыштуу учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан мекендештерибизге кайрылып кетким келет. Курулуш иштерин сапаттуу жана чоң жоопкерчилик менен жүргүзүңүздөр", — деди Жумаев.