Таластагы "Кең-Кол" көмөк чордонуна Закир Мыкыевдин ысымы ыйгарылды

Аймак 342 20 Июль 2026 18:50
752484588_1012928835045493_4524289954830414463_n.jpg
751611350_1012928521712191_1796007144752019778_n.jpg
751438943_1012928871712156_5904390013911575574_n.jpg
752489147_1012928745045502_6472761471108452074_n.jpg
750632677_1012928635045513_3599655420162505541_n.jpg
749432617_1012928918378818_8883836630783778728_n.jpg
750566653_1012928508378859_1274110773930793958_n.jpg
750570008_1012928791712164_5521759688543980068_n.jpg
750439560_1012928818378828_6016630786315542344_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас электр тармактар ишканасы

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Талас облусунда энергетика тармагын өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган белгилүү адис, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Закир Мыкыевдин ысымы 110/10 кВ "Кең-Кол" көмөк чордонуна ыйгарылды. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Бул чечим Закир Мыкыевдин Талас облусунун электр менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга кошкон зор салымын эске алуу менен кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Закир Расабекович энергетика тармагында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, инженерден баштап жетекчилик кызматтарга чейин эмгек жолун басып өткөн.

Анын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен Талас облусундагы бир катар көмөк чордондор реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулатылып, заманбап техникалык чечимдер ишке ашырылган.

Бул иштер аймактын электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз болушуна чоң өбөлгө түзгөн.