Таластагы "Баластан" борбору эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 10:40
1_OZeIys8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш белгиленген график боюнча жүрүп жатат. Борборду Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилегендей, “Баластан” долбоору Талас шаарынын жана жалпы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

“Бул долбоор аймактын экономикалык өсүшүнө жаңы дем берет. Борбордо 500гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт. Мындан тышкары бул жерде соода борборлору, боулинг, кинотеатр, балдар үчүн оюн аянтчалары, робототехника борбору, заманбап музей, фудкорт жана башка кызматтар иш алып барат. Бул жай үй-бүлөлөрдүн эс алуусуна, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун ишке ашышы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүзөгө ашууда”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Долбоор толугу менен ишке берилгенден кийин Талас шаарынын маданий, эс алуу жана экономикалык маанидеги ири борборлорунун бирине айланары күтүлүүдө.

Комплексте заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн бардык шарттар каралган.