Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казып жана таштанды төккөндөр айыпка жыгылды

Экология 17 сентябрь 2026 15:45
Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казып жана таштанды төккөндөр айыпка жыгылды
copyright icon www

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдде “Гранит Транс Сервис” ишканасы тарабынан Айтматов районунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталды. Аталган факты боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык 35 миң сом айып жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө 30 даана бадалдын өсүүсүн токтотуп, жаратылышка келтирген зыян үчүн 15 миң 212 сом доо салынды.

Ошондой эле Талас районунда дагы бир ишкана талапка жооп бербеген жерге курулуш жана турмуш-тиричилик таштандыларын төккөндүгү үчүн Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 17 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.