Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушу аяктап, аны пайдаланууга берүү жана техникалык ачылышына даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Заманбап талаптарга ылайык курулуп жаткан стадион 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, чуркоо жолдору, жасалма чөптүү машыгуу талаасы, воркаут жана фудкорт аянтчалары каралган.
Ошондой эле комплексте спортчулар үчүн керектүү бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Стадиондо VAR системасын орнотууга шарт түзүлүп, 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Стадиондун курулушуна 2025-жылдын 7-апрелинде мезгил кутусун салуу менен старт берилген. Учурда объектте курулуш жана ачылышка даярдык иштери уланууда.