Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана сот системасынын кызматкерлери катышты.
Жаңы имаратта жергиликтүү соттор, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы, сот приставдары жана тиешелүү кызматтар жайгашат. Долбоор сот органдарынын ишин жакшыртууга, жарандар үчүн жеткиликтүү жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев белгилегендей, жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу өлкөдөгү сот реформаларынын жана сот инфраструктурасын жаңылоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Курулуш аяктагандан кийин жаңы имарат сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн заманбап шарттарды камсыздап, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.