Таласта мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды

Загрузка... 24 Январь 2025
79159.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Таласта мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылып алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратура органдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүндөгү 9,4 гектар жер аянты, ал эми Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу 300 чарчы метр жер тилкеси жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратуралар тарабынан прокурордук актылар келтирилип, анын негизинде жалпы баасы 10 млн 893 миң сомду түзгөн 9,43 гектар жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.