Таласта көмөк чордондорду этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда

Аймак 22 Июль 2026 16:45
751764973_1014515638220146_5214048175595724814_n.jpg
753247602_1014515601553483_5795232272992183714_n.jpg
751764971_1014515691553474_554939480816429018_n.jpg
751898103_1014515671553476_3532810153272129687_n.jpg
750569929_1014515664886810_6132604334827675362_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас электр тармактар ишканасы

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Талас облусунда көмөк чордондордун жабдууларын оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда “Чат-Базар” 110/35/10 кВ көмөк чордонунда Т-1 күч трансформаторунун 110 кВ жана 35 кВ өчүргүчтөрүн, 110 кВ жана 35 кВ ток трансформаторлорун, 35 кВ биринчи секциясынын шиналар системасын, өлчөөчү трансформаторун, ошондой эле “Конезавод” жана “Беш-Таш” багытындагы 35 кВ аба чубалгыларынын линиялык ажыраткычтарын пландуу оңдоодон өткөрүү иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, “Көк-Сай”, “Арал”, “Бала-Сары”, “Конезавод”, “Жер-Үй”, “Беш-Таш”, “Кызыл”, “Ак-Дөбө”, “Өзгөрүш” жана “Кырк-Казык” көмөк чордондорундагы электр жабдууларын ремонттон өткөрүү иштери толугу менен аяктады.

Ал эми, “Кең-Кол”, “Талас”, “Победа”, “Бейшеке”, “Кировка”, “Бакайыр”, “Грозный”, “Покровка”, “Манас”, “Кара-Арча”, “Иван-Алексеевка”, “Семетей” жана “Төлөбердиев” көмөк чордондорунда пландуу оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда.