Таласта катуу шамал бир катар үйлөрдү зыянга учуратты

Кырсык 02 Июнь 2026 15:40
1.jpg
710755654_122178937124886561_5351729735469065469_n.jpg
711967217_122178936452886561_6148877911043114654_n.jpg
712289447_122178936770886561_1159511337887350635_n.jpg
712410771_122178936536886561_1251879968967276335_n.jpg
712411325_122178936362886561_4429153081666271871_n.jpg
713144806_122178936710886561_7566449441418015157_n.jpg
713707067_122178936518886561_2284308929677226184_n.jpg
713753996_122178936626886561_5220382003080442666_n.jpg
713789290_122178937100886561_4400432580121973981_n.jpg
714864522_122178937136886561_8458980977082577475_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Талас облустук башкармалыгы

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. 1-июнда Талас облусунда катталган катуу шамал бир катар турак үйлөрдүн жана имараттардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Табигый кырсыктын кесепеттери төмөнкүдөй катталды:

Талас шаарында:

  • Көп кабаттуу үйлөрдүн, "Аква" лабораториясынын жана "Эконом" дүкөнүнүн чатырлары учкан;
  • Манас көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры кулап, жол жээгинде токтоп турган эки унааны басып калган.

Талас районунда:

  • Көк-Токой айылында эки турак үйдүн чатыры, дарбазасы жана эшиктери сынып, жараксыз абалга келген.

Бакай-Ата районунда:

  • Боо-Терек айылындагы маданият үйүнүн 18 чарчы метр чатыры жабыркаган.
"Учурда кырсык болгон жерлерде тиешелүү кызматтар тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин кызуу жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү бийлик тарабынан келтирилген чыгымдардын көлөмү такталууда",-деп айтылат маалыматта.