Таласта ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Аймак 23 Июль 2026 16:05
751219582_1030901956576494_661663770941582405_n.jpg
753798989_1028252500170264_3700234242857180724_n.jpg
753970735_3161623380835304_5975853214041719085_n.jpg
755063241_1592838485513242_5109405161941685333_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Талас облусунда ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Облустук прокуратура тарабынан уюштурулган иш-чарада ишкерлерди коргоо багытындагы мыйзамдардын жана президенттин тиешелүү жарлыктарынын аткарылышы талкууланды.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, салык, экологиялык жана техникалык көзөмөл, архитектура-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты.

Катышуучулар аймакта ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту камсыздоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо багытында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берилди.