Таласта эс алуучуларга жаратылышты коргоо эрежелери түшүндүрүлдү

Аймак 03 Август 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 07.09.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Талас облусунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана экосистемаларды сактоо максатында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Рейдди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгы Туристтик милиция менен биргеликте уюштурду.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга жайыттарда унаа жана эндуро-мотоциклдер менен жүрүүнүн жаратылышка тийгизген терс таасири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле жарандарга экологиялык талаптарды сактоо, белгиленген каттамдар менен гана жүрүү жана жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылдыгы эскертилди.