Бишкек, 11.09.26 /Кабар/. Таласта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чаралардын алкагында масштабдуу дрондор шоусу өттү.
Шаар асманында ондогон дрондор ар кандай жарык композицияларын түзүп, Таластын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программанын ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Дрон-шоу майрамдык кечтин эң шаңдуу учурларынын бири болду.