Балдар күнү Таласта: Майрамдык программа жана акысыз мультфильм сунушталат

Аймак Загрузка... 01 Июнь 2026 11:25
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Талас шаарынын борбордук аянтында балдар жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Талас шаардык мэриясы билдиргендей, уюштуруучулар күнү бою улана турган кызыктуу жана бай программаны даярдашты.

Иш-чаралардын программасы:

Күндүзгү блок (башталышы саат 10:00дө):

  • Майрамдын салтанаттуу ачылышы;
  • Олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи;
  • Облустук бий фестивалы;
  • Спортук оюндар;
  • Сүрөт тартуу конкурстары;
  • Чоң куурчак театрынын оюну;
  • "Кырк-Чоро" кинотеатрында акысыз мультфильмдер:
    • 10:30 – 12:15
    • 14:00 – 15:45

Кечки программа (башталышы саат 17:00дө):

  • салтанаттуу ачылыш;
  • интерактивдүү оюндар;
  • балдар дискотекасы;
  • викторина;
  • "Айкөл" бий академиясынын отчёттук концерти.