Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Талас шаарында курулуп жаткан "Баластан" балдар оюн-зоок борборунун курулушу 85 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда объектте 400гө жакын жумушчу эмгектенүүдө. Бүгүн министр Нурдан Орунтаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Анда заманбап аттракциондор, балдар үчүн оюн аянтчалары, өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн атайын зоналар, кинотеатр, конгресс-зал, тамактануучу жайлар жана үй-бүлөлүк эс алуу зоналары каралган.
Борбор пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт.