Таласта “Бала ырысы” жөлөк пулун алууга 9076 жаран арыз берди

Коом 31 Июль 2026 15:00
760724457_2474777292949860_9056164580018429733_n.jpg
759299628_1063603409578933_1040999243757661445_n.jpg
760014562_1081581707630057_6109139945665911748_n.jpg
Алдыга
Артка
760724457_2474777292949860_9056164580018429733_n.jpg
759299628_1063603409578933_1040999243757661445_n.jpg
760014562_1081581707630057_6109139945665911748_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Талас облусунда “Бала ырысы” жөлөк пулун алууга 9076 жаран арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарында министр Канат Сагынбаев социалдык камсыздоо боюнча аймактык башкармалыкка барып, мамлекеттик “Бала ырысы” программасынын ишке ашырылышынын алкагында башкармалыктын кызматкерлери жана жаңы ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулду алып жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашты.

“Бала ырысы” программасы – балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун маанилүү чарасы. Биздин милдет – жөлөк пул алууга укуктуу ар бир үй-бүлө аны өз убагында, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана толук көлөмдө алышын камсыз кылуу”, – деди министр.