Таласта аскер кызматчыларына жаңы батирлер тапшырылды

Аймак 24 Июль 2026 15:35
753874146_1065171736390459_8536191141793379815_n.jpg
752699183_1563522345221426_1198342447596898694_n.jpg
751856474_3277881692600636_2907715761714255950_n.jpg
752509140_1325072553169309_4414840794774406377_n.jpg
753848941_1351541726510116_8299339438856483498_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Талас шаарында "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу турак жайдан аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Белгиленгендей, буга чейин да Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайлардан Каракол шаарында жана Кара-Суу районунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары батир менен камсыз болгон.