Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Таласта аскер комиссариатынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Руслан Мукамбетов, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана аскер комиссариатынын өздүк курамы катышты.
Анда Руслан Мукамбетов аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Объекттин курулушуна мамлекет тарабынан 80 миллионго жакын акча каражаты каралган. Талас бириктирилген аскер комиссариатынын азыркы имараты 1927-жылы курулган.
Жаңы имарат зарыл болгон инфраструктура менен жабдылып, жарандарды тейлөө үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Имаратты 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.