Таласта ашкабак өстүргөндөргө биологиялык каражаттарды колдонуу сунушталды

Аймак Загрузка... 22 Июль 2026 14:50
pumpkin-how-to-grow-a-good-harvest.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Талас облусунда ашкабак өсүмдүктөрүндө пайда болгон куурап калуу жана тамыр чириги оорулары биологиялык ыкма менен алдын алынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, KVS кооперативинин жетекчиси кайрылып, кооператив мүчөлөрү өстүргөн ашкабактарда оорунун белгилери байкалганын билдирген.

Адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн экологиялык жактан коопсуз биологиялык каражат катары "Триходермин" препаратын колдонууну сунушташкан.

"Препарат колдонулгандан кийин өсүмдүктөрдүн абалы жакшырып, оорунун жайылышы токтоп, ашкабактын өсүшү кайра калыбына келе баштаган. Бул тажрыйба "Триходермин" тамыр чириги ооруларына каршы натыйжалуу биологиялык каражат экенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.