Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Таласта алгачкы жолу өстүрүлгөн Россиянын элиталык буудайы мол түшүм берди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, элиталык "алексеич" сортундагы буудай Манас районундагы "Беш Кадам" айыл чарба кооперативинде биринчи жолу өстүрүлдү.
Манас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда 1,5 гектар жер жыйналды. Бир гектарынан 100 центнерден түшүм алынды.