Таласта 4,8 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Аймак 357 21 Июль 2026 11:50
1782101541-11034.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-07-21 at 11.31.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-21 at 11.32.09.jpeg
Алдыга
Артка
1782101541-11034.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-07-21 at 11.31.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-21 at 11.32.09.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Талас районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2000-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери жана курулмалар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына таандык 0,08 га жер тилкеси, ошондой эле Кең-Кол айыл өкмөтүндөгү аянты 25 чарчы метр болгон кампа курулмасы 0,12 га жери менен бирге мыйзамсыз менчиктештирилгени белгилүү болгон.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы наркы 4 млн 798 миң сомду түзгөн 0,20 га жер тилкелери жана кампа курулмалары кайрадан мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.