Таласта 319 үй-бүлөгө ипотекалык үйлөр тапшырылат

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 18:37
copyright icon Талас шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган 319 батирлүү көп кабаттуу турак жайлардын курулушу аяктады. Бул муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу облус тургундарына 4 жана 8 пайыздык жеңилдетилген шарттар менен берилет.

Жаңы батирлердин ачкычтарын ээлерине тапшыруу аземи 24-июлда өтөт.

Белгилей кетсек, Тынчтык конушунда жайгашкан жаңы үйлөр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулган.