Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт – Жумаев

Аймак 12 май 2026 18:45
Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт – Жумаев
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда маалымдады.

Анын айтымында, эл жылдан-жылга көбөйгөнү менен жер тилкеси жетишсиз болгондуктан, ар бир төрөлгөн балага жер бериле бербейт.

“Мамлекет Талас шаарында эки жерде 1000 батирди камтыган көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Мында 5 кабаттуу 15 үй, 9 кабаттуу 9 үй курулуп жатат. Ошолордун баары курулуп бүтсө, андан кийин Кызыл-Адырга, Семетейге, Бакай-Атага, Көк-Ойго да куруп баштайбыз”,- деди Жумаев.