Таласта 1 млрд сомго төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

Аймак 12 май 2026 17:15
Таласта 1 млрд сомго төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тандалып алынган жер тилкесинде кыртышты тегиздөө иштери жүрүп, курулуштун башталышына жигердүү даярдык көрүлүүдө.

Белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен заводдун курулушуна 1 млрд сом бөлүнгөн.