Талас шаарынын жолдору жаңыланууда: Тизмеде кайсы көчөлөр бар?

Аймак Загрузка... 09 Июль 2026 12:10
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Талас шаарында жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн эки жана төрт тилкелүү жолдордун курулушу жүрүүдө.

Президенттинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, учурда Бердике Баатыр, Атай Огонбаев, Оторбаев, Мырзалиев, Осмонкулов, Турдалиев, Шеркулов, Шамбетов, Манас, Үмөт Молдо, Мадиев жана Чубак Сатаев көчөлөрүндө жол куруу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

Бул масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга Президенттин турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле маалым болгондой, буга чейин 2024–2025-жылдары Талас шаарында 30 чакырым жол жана 56 чакырым жөө адамдар өтүүчү тротуар курулган.