Талас шаарында төрт көчө оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Аймак 10 Июль 2026 09:00
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Талас шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Күн мурун Талас шаарында жаңыланган төрт көчө салтанаттуу түрдө ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинде:

  • Шекербек Шеркулов көчөсү – 1300 метр аралыкта толук реконструкцияланды;
  • Өзүбек Шамбетов көчөсү – 622 метр аралык капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
  • Ж.Мырзалиев көчөсү – 1276 метр аралык заманбап талаптарга ылайык жаңыланды;
  • Ислам Сарыгулов көчөсү – Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Жаңыланган көчөлөр шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.