Бир күндө 6 жаңы аянтча: Талас шаарында кичи футбол талаалары колдонууга берилди

Аймак 22 Июнь 2026 16:05
1.jpg
726350063_1951023152242670_6890421289951416686_n.jpg
726525531_2061758758048667_2190311891821147159_n.jpg
727278041_1746432023056390_7069673740412822930_n.jpg
727953329_1309435571324999_6456329412146408795_n.jpg
728491358_1580285276850247_6382504101379807094_n.jpg
729047648_3138105673026472_5039998904172767333_n.jpg
730015733_1688816608935453_4179964263681413113_n.jpg
730153355_27244074155246445_5720191703109743753_n.jpg
730153362_1032944862641961_8119185787670016934_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн Талас шаарында 6 "Дастан" кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, футбол аянтчалары президенттин резервдик фондунун колдоосу менен курулду.

Жаңы футбол аянтчалары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институтунда, Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинде, К.Дардаңов атындагы №3 орто мектепте, №5 орто мектепте , "Умму-Арран" мечитинин аймагында жана дагы бир билим берүү мекемесинин аймагында ачылды.

Шаар мэри Нургазы Асылбеков №3 орто мектепте уюштурулган ачылыш аземине катышып, жаңы спорттук жайдын кызыл тасмасын кесип, расмий түрдө пайдаланууга берди.

"Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга, жаштарды спортко тартууга жана алар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган", - деди мэр.