Бишкек, 21.06.26. /Кабар/. Талас облусунда "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркында селден улам жол жана көпүрө жараксыз абалга келип, эс алуучулар коопсуз жерге чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаратылыш паркынын аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, унаа өтүүчү көпүрөнү жана эс алуучу жайга баруучу жолдун бир бөлүгүн сел суулары жууп кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынан куткаруучулар тартылган.
"Жолдун аркы бетинде калып калган 50гө жакын жаран куткаруучулар тарабынан коопсуз аймакка чыгарылды. Жабыркагандар болгон жок. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан абалды көзөмөлдөө жана келтирилген зыяндарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.