Талас облусунда селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Аймак 23 Июнь 2026 12:20
727497316_1035807495643767_4683897627951429081_n.jpg
729148418_1035807308977119_2944277640080440468_n.jpg
728255299_1035807362310447_1944220892219332747_n.jpg
728619225_1035807282310455_8511421763510000810_n.jpg
728665000_1035807222310461_2464387424101643398_n.jpg
729219979_1035807338977116_6913321298621311379_n.jpg
730571285_1035807498977100_6594275823006041671_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев облус аймагында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчилиги, район акимдери жана тиешелүү кызматтардын башчылары катышты.

Жыйында тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле 20–21-июнь күндөрү облус аймагында катталган сел кырсыктары, жабыркаган аймактардагы абал, жүргүзүлүп жаткан авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштери тууралуу кеңири маалымат угулду.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар милдеттер жүктөлдү.