Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Талас облусунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маселе облустун коллегиялык жыйынында талкууланып, анда экономикалык өсүш, инвестиция тартуу, курулуш, жол инфраструктурасы, айыл чарба жана социалдык тармактардагы көрсөткүчтөр каралды.
"Учурда аймакта 68 курулуш объектисинде иштер жүрүп, бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле Талас шаарында 28 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Айыл чарбасында жаңы техникаларды алуу, сугат каналдарын жаңылоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Коллегияда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди. Алдыда башталган долбоорлорду өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу негизги милдеттердин бири экени белгиленди.