Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Күн мурун Жогорку соттун төрагасынын катышуусунда Талас облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында маалым болгондой, 2024-жылдын отчеттук мезгилинде Талас облусунун райондук, шаардык соттору тарабынан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде, жалпы 2470 соттук иштер жана материалдар каралган. Бул көрсөткүч 2023-жылдагы статистикалык маалыматка салыштырмалуу 235 ишке, же 8,7% азыраак. 2023-жылы жалпы 2705 соттук иштер жана материалдар каралган.
2024-жылы жалпы 3380 жарандык иш каралган. Бул 2023-жылга караганда 30,5%) көбүрөөк.
Ал эми өткөн отчёттук мезгилде 173 административдик иш, 36 соттук материал каралгандыгы маалым болду, бул 2023-жылга салыштырмалуу 54,8% көбүрөөк.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, соттордун маанилүү милдеттеринин бири иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку соттун төрагасы бул фактылар жарандардын нааразычылыгына себеп болуп жатканын айтып, иштерди кароонун мөөнөтүн узартууга жол бербөөнү белгиледи.
Ошону менен бирге, тиешелүү коллегиялардын жетекчилери болуп саналган Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жокко чыгарылган соттук актылардын санын кыскартуу үчүн биринчи инстанциядагы судьяларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, сотторду жана судьяларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу туурасында отчет берилди. Эскерте кетсек, Медербек Сатыев 2024-жылдын 10-декабрында, Талас облусуна болгон иш сапарында аныкталган кемчиликтерди көрсөтүп, аларды бир айдын ичинде жоюуну тапшырган.
Бүгүнкү отурумда Жогорку соттун жетекчилиги аталган тапшырмалардын аткарылышы боюнча Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Токтогул Ахуновду укту. Алардын катарында Манас райондук соту менен Административдик сотко жер тилкелерин кароо, Айтматов райондук сотунун имаратынын аймагында жарандарга шарт түзүү, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларды уюштуруу маселелери да бар.