ЖК депутаты КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын координатору болду

Жогорку Кеңеш 1513 21 Май 2026 16:25
image1 (3).jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8 (1).jpg
image7 (1).jpg
image6 (1).jpg
image5 (1).jpg
image4 (1).jpg
image3 (1).jpg
image2 (1).jpg
Алдыга
Артка
image1 (3).jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8 (1).jpg
image7 (1).jpg
image6 (1).jpg
image5 (1).jpg
image4 (1).jpg
image3 (1).jpg
image2 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ЖПАА) кезектеги жыйыны өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө быйыл КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына Кыргызстан төрагалык кылып жатканы белгиленип, Жогорку Кеңеш тарабынан КМШ ЖПААнын Координатору кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун талапкерлиги сунушталганы айтылды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Табылды Муратбеков КМШ ЖПААнын Координатору болуп шайланды.

Андан соң жыйын ассамблеянын жаңы координатору Табылды Муратбековдун Кыргызстандагы мамлекеттик жаштар саясатынын учурдагы абалы жана жаштар парламентаризмин өнүктүрүү тууралуу баяндамасы менен уланды.