Талас облусунда дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ичинен төө буурчак өстүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Күзүндө түшүм жыйналганда төө буурчакты сатуу жана анын баа маселеси ойлондурчу. Эми төө буурчакты сатып, экспорттогонго мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Анткени облус аймагында төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулууда. “Кабар” агенттиги бул завод туурасында кеңири айтып берет.

Завод Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак жана Кызыл-Сай айылдарынын ортосунда жайгашкан. Жалпысынан төө буурчакты кайра иштетүүчү завод 2 гектардан ашык жерге курулууда.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, заводду курууга 200 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Бул каражат мамлекет тарабынан жеке ишкерге жеңилдетилген үстөк пайызы менен насыя катары берилди. Азыр заводдо курулуш иштеринин 80 пайызы аяктап калды. Заводдун негизги имараттары курулуп бүттү. Учурда жабдууларды орнотуу иштери башталды. 5-10 күн ичинде ал иштер да бүткөрүлөт”, - деди облус башчысы.
Эрмат Жумаев төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишке берилиши менен дыйкандарга кандай шарттар түзүлөрүнө жана баалар кантип аныкталарына да токтолду.

Облус жетекчисинин айтымында, жеңилдетилген негизде насыя берилип жатканда ишкер келишимдин алкагында төө буурчактын "Лопатка" сортун 135 сомдон кем эмес баада 7 жыл бою сатып алуу милдетин алган.
“Эл тараптан төө буурчактын "Томат" сортун да жогорулатып берүү боюнча бир канча кайрылуулар түшкөнүнө байланыштуу ишкер бул багытта да иш алып барууга аракеттерин жумшап жатат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, заводдо төө буурчак сорттолуп, сатууга чыгаруу үчүн таңгакталат. Ошондой эле кайра иштетилип, ботко жасалат.

Былтыр Талас облусунда 55 миң гектар аянтка төө буурчак себилип, жыйналган түшүмдүн көлөмү болжол менен 80 миң тоннаны түзгөн.

Заводдун ишке кириши менен төө буурчакты экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө. Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчак 20дан ашык өлкөгө, анын ичинде Иран, Түркия, Россияга экспорттолуп келет.