Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандардан төө буурчак сатып алууну колдоо үчүн 800 млн сом бөлүү маселеси каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, бул маселе 10 күндүн ичинде чечилиши мүмкүн.
"Жеке тарап менен кызыл төө буурчакты килограммын 100 сомдон, ак төө буурчакты 135 сомдон сатып алуу боюнча келишим бар. Бирок бөлүнүшү пландалып жаткан 800 млн сомго болжол менен 8 миң тонна гана түшүм сатып алууга болот. Ал эми Талас облусунда жыл сайын орто эсеп менен 80 миң тоннага жакын төө буурчак өндүрүлөт", - деди ал.
Министр дыйкандардын кирешесин көбөйтүү үчүн түшүмдүүлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Анын маалыматына караганда, учурда бир гектардан орточо 15 центнер түшүм алынат. Көрсөткүчтү 40-60 центнерге жеткирүү өндүрүштүн натыйжалуулугун арттырууга жардам берет.