Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Талас облусундагы жол курулуштарынын абалы менен жеринде таанышып, жол чарба жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал алгач Суусамыр – Талас – Тараз стратегиялык унаа жолунун 91,7-чакырымындагы реконструкциялоо иштерин текшерип, курулуштун сапатын жана темпин күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Чолпонбай айылына алып баруучу унаа жолунун курулушун да жеринен көрүп, долбоорду белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча конкреттүү талаптарды койду.
Ошондой эле жолдорду өз убагында оңдоо, күтүү жана атайын техникаларды натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланып, жетекчилерге өзгөчө тапшырмалар берилди.
Транспорт министрлиги өлкөдөгү стратегиялык жол долбоорлорунун өз убагында аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантууда. Таластагы жолдордун сапаты эми өзгөчө байкоодо болот.