Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун IV фазасында реконструкция иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда Талас – Тараз багытындагы жолдо асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Министрдин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жолдогу иштердин жүрүшү менен таанышты.
"Долбоордун алкагында 104,6-197,6-чакырымдар аралыгындагы жол реконструкцияланууда. Ишке 220 даана атайын техника жана 473 кызматкер тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Министрдин орун басары жол куруунун сапатын камсыз кылуу жана иштерди тездетүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Долбоор аяктагандан кийин жолдун өткөрүмдүүлүгү жогорулап, жарандар жана транзиттик транспорт үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.