Бишкек, 08.08.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусундагы бир катар жол объектилерин жеринен көрүп чыкты.
Ведомстводон билдиришкендей, министр Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорундагы аткарылып жаткан иштер менен таанышып, ошондой эле "Чыңгыз Ааламы" жана "Манас-Ордо" тарыхый-маданий комплекстерине баруучу жана аларды айланып өтүүчү жолдордун курулушунун жүрүшүн текшерди.
Атап айтканда, "Чыңгыз Ааламы" комплексине кирүүчү жол, "Манас-Ордо" комплексинин айланма жана кирме жолдорундагы иштер каралды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр подрядчы жана жооптуу кызматкерлерге курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана бардык иштерди өз убагында бүткөрүү боюнча катуу талаптарды койду.
Мындан тышкары, министр жол курууда сапат башкы талап жана биринчи орунда турушу керектигин баса белгилеп, ар бир объект боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.