Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бает айылында UIM F1H2O “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.
Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, кызыктуу жана жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири.
Эл аралык жарышка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШдан келген суудагы Formula 1 H2O боюнча эң күчтүү 18 спортчу катышууда.
Деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан Ысык-Көл суудагы "Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң бийик тоолуу жарыш трассасы болуп калмакчы.
"Кабар" агенттиги бүйүр кызыткан жарыш учурларын сүрөттөр аркылуу окурмандарына сунуштайт.