Суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө жыйынтыкталды

Спорт 02 Август 2026 18:00
IMG_1263.webp
IMG_1266.webp
IMG_1265.webp
IMG_1261.webp
IMG_1264.webp
IMG_1262.webp
IMG_1259.webp
IMG_1258.webp
IMG_1257.webp
IMG_1256.webp
IMG_1255.webp
IMG_1252.webp
IMG_1253.webp
IMG_1254.webp
IMG_1251.webp
IMG_1250.webp
Алдыга
Артка
IMG_1263.webp
IMG_1266.webp
IMG_1265.webp
IMG_1261.webp
IMG_1264.webp
IMG_1262.webp
IMG_1259.webp
IMG_1258.webp
IMG_1257.webp
IMG_1256.webp
IMG_1255.webp
IMG_1252.webp
IMG_1253.webp
IMG_1254.webp
IMG_1251.webp
IMG_1250.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Ысык-Көл, 02.08.26. /Кабар/. Суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө жыйынтыкталды. Мелдеш 31-июлдан 2-августка чейин созулуп, Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул ири эл аралык мелдеш мыкты пилотторду, командаларды жана миңдеген көрүүчүлөрдү чогултуп, эң кызыктуу спорттук иш-чараларынын бирине айланды.

Үч күндүн ичинде спортчулар суудагы өзгөчө чеберчиликти, ылдамдыкты жана кызыктуу мелдешти көрсөтүштү. Финалдык жарыштардын жыйынтыгында Шон Тарентта Гран-прини утуп алды.

Ысык-Көлдө дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү аймак үчүн тарыхый окуя болду. Турнир дүйнө жүзүндөгү суу-мотор спортунун күйөрмандарынын көңүлүн буруп гана тим болбостон, эл аралык мелдештердин жогорку деңгээлде уюштурулганын көрсөттү. Ошондой эле бул спорттун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кызматташтыкты бекемдеди.