Стамбулдагы нааразылык акциялары. Түркия бийлиги билдирүү таратты

Дүйнө Загрузка... 20 Март 2025 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Түркиянын президенттик аппаратынын байланыш башкармалыгын директору Фахреттин Алтун Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун кармалышы жана кылмыш ишине байланыштуу маанилүү билдирүү жасады.

Алтун социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө Стамбулдун Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында бир топ киши кармалгандан кийин айрым чөйрөлөр саясий жана идеологиялык себептер менен бул процесске таасир этүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

«Тергөөнүн чоо-жайын билбестен жасалган комментарийлер президентибизге жалаа жаап жатканын көрүп жатабыз», - деген Алтун көз карандысыз соттун кандай гана чечими болбосун урматталышы керектигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле бийлик жалган маалыматка каршы күрөштү уланта берерин баса белгилеп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратууда этият болууга жана расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырды.