Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы былтыр 5 миң 731 изилдөө жүргүзүшкөн. Бул тууралуу 2024-жылдын иш жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча отчеттору угулуп, көйгөйлүү маселелер талкууланды, ошондой эле кызматты өнүктүрүү боюнча пландар аныкталды.
2024-жылы кызматтын эксперттери корутунду берүү менен 5 миң 731 изилдөө жүргүзүшкөн. Анын ичинен эң көп талап кылынгандар: автотехникалык экспертиза (1 миң 587 экспертиза жүргүзүлгөн); материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы (798); лингвистикалык жана дин таануу экспертизалары (663).
Соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Т. Кожонов белгилегендей, 2024-жылы эксперттик изилдөөлөр жана лабораториялык иштер үчүн жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен гана жалпы суммасы 145 млн сомго сатылып алынган, бул багыттагы иштер 2025-жылы улантылат.
Муну менен катар аталган кызмат бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга ийгиликтүү киришти.
Мисалы, "Сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында СЭК Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарында филиалдарды ачуу боюнча жигердүү иш жүрүүдө.
"2025 - жылы эксперттерди окутууга, алардын квалификациясын жогорулатууга жана соттук экспертиза жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалат", - деп билдирди Т. Кожонов.