Сокулук районунда бир судьяга 78 соттук иш туура келет

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 15:13
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жогорку соттун маалымат кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда бир судьяга 78 соттук иш туура келет. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын катышуусунда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын чыгарууга арналган жыйында белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеде Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеевдин баяндамасында өткөн жылдагы соттордун ишинин негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат айтылды.

Ошондой эле Чүй облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Бекболот Жаналиев биринчи инстанциядагы соттор тарабынан кылмыш иштерин жана соттук материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча малымат берди.

Ага ылайык, 2024-жылы Чүй облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан 2281 кылмыш иши, 3236 соттук материал, 3933 укук бузуулар жөнүндөгү иштер, 229 укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук материалдар, сотко чейинки өндүрүш тартибинде кылмыш иштери боюнча 3175 материал каралган.

Алардын ичинен апелляциялык тартипте 479 кылмыш иши бул 2023-жылга салыштырмалуу 16% азайган, 264 соттук материал, бул 6,3% азайган, укук бузуулар жөнүндө иштер - 71, бул 28% аз, сотко чейинки өндүрүштүн 150 материалы, бул мурунку жылга салыштырмалуу 29,9% азыраак даттанылган.

Муну менен катар, Бекболот Жаналиев судьялардын жүктөмү көп болуп жатканын белгилеп, 3 судья бүткүл районго жетишсиз болуп жатканын айтты.

Ал эми, Чүй облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Ирина Горшковская учурда Сокулук районундагы бир судьяга 78 иш туура келип жатканын айтты.

"Чүй облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан 2024-жылы 24716 иш жана 4445 соттук материалдар каралган. Алардын ичинен апелляциялык инстанциядагы сотко 1049 иш даттанылды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 15% көп жана 167 соттук материал, мурунку жылга салыштырмалуу 19%га аз", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле кеңешмеде Чүй облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жыргал Мурзалиева сөз сүйлөп, 2024-жылы Чүй облусунун административдик соту тарабынан 944 иш жана 193 соттук материал каралган. Алардын ичинен Чүй облустук сотуна 222 иш даттанылган, 2023-жылга салыштырмалуу 15,6% көп, 17 соттук материал, 2023-жылы - 19 материал болчу, бул 10,5% азайганды билдирет.

"Өз кезегинде Медербек Сатыев судьялардын жүктөмүнө токтолуп, айрым соттордун күчүндө калтырылган иштери аз болуп жатканын сынга алды. Каралып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бирдиктүү соттук тажрыйбанын үстүнөн иштөөгө чакырды",-деп айтылат маалыматта.