Социалдык тармактарды оң өзгөрүүлөргө түрткү боло турган инструмент катары пайдаланалы - Шерметалиев

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 12.02.35.jpeg
copyright icon Медербек Шерметалиевдин өздүк архивинен

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Социалдык тармактарды оң өзгөрүүлөргө түрткү боло турган инструмент катары пайдаланалы. Мындай пикирин "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Урматтуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жана коомчулук!

Социалдык түйүндөрдүн, айрыкча, Facebook платформасы активдүү колдонулуп, жеке пикирлерди эркин жарыялоо мүмкүнчүлүгү жарандык коом үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Бирок, тилекке каршы, бул эркиндикти жоопкерчиликсиз пайдаланган айрым адамдар өздөрүн “блогер” деп атап, коомго зыянын тийгизген аракеттерди жасап жатышат.

Алар белгилүү инсандарды мактап акча алышат же жамандап, ушактарды таркатуу, каралоо, манипуляция кылуу аркылуу жеке кызыкчылыктарын ишке ашырганды өнөр кылып алышкан. Мындай “блогерлер” мыйзамсыз иш аракети боюнча укук коргоо органдары тарабынан кармалып камалган фактылар бар. Бүгүн дагы бирөө опузалап акча талап кылуу фактысы менен колго түшүптүр. Бул сыяктуулар дагы бар, арабызда жүрөт.

Айрым учурларда мамлекеттик кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, моралдык басым кылып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушат. Бул аракеттер этика нормаларын бузуп, коомдо моралдык зыян келтирип, социалдык чөйрөдөгү адилеттүүлүктү төмөндөтөт.

Биз мындай көрүнүштөрдү кескин түрдө айыптап, бардык блогерлерди жана социалдык тармактын колдонуучуларын этика ченемдерин сактоого, моралдык-этикалык нормаларды бузбоого чакырабыз. Коомдук платформаларды бирөөгө залака тийгизүү эмес, элдин ишенимин арттыруучу жана оң өзгөрүүлөргө түрткү боло турган инструмент катары пайдаланалы.

Сиздерди бардык иш-аракеттерде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана адамгерчиликти негиз катары карманууга чакырабыз!",-деп жазган ал.