Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптерин белгиледи.
Алар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга, жеке менчикти коргоого, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун камсыздоого, ишкерлерди колдоого жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Эми жетишкендиктерди ар бир үй-бүлөнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга жумшап, өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо зарыл.
Президент белгилегендей, мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратегиясын аныктап, анын ишке ашырылышын камсыздашы керек. Ошол эле учурда жарандардын жана ишкерлердин мамлекетке болгон ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эрежеге айланууга тийиш.
"Социалдык саясаттын борборунда үй-бүлө менен бала турушу керек. Мындан тышкары, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иш жүргүзүп, салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер ар тараптуу колдоого алынышы зарыл", - деди өлкө башчысы.
Ошондой эле ар бир райондо жумуш орундарын түзүп, өнүгүүгө шарт түзүү аркылуу аймактардын экономикалык өсүшүн камсыздоо негизги милдеттердин бири катары белгиленди.