Социалдык контракт. Ош облусунда 3908 үй-бүлөгө жардам берилди

Аймак 10 апрель 2026 18:32
Социалдык контракт. Ош облусунда 3908 үй-бүлөгө жардам берилди

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Өлкө аймагында жумушсуздукту жоюуга багытталган “Социалдык контракт” долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушканда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, Социалдык контракт боюнча Ош облусундагы 3908 үй-бүлөгө жардам берилди.

Муну менен катар жаштарды эмгекке тартуу жана аларга стимул берүү, колдоо, өнүктүрүү максатындагы “Жаштар стажировкасы” долбоору пилоттук деңгээлде жүзөгө ашырылып жатат.