Социалдык контракт: Дээрлик 10,6 миң үй-бүлөгө каражат берилди

Коом 16 октябрь 2026 09:40
Социалдык контракт: Дээрлик 10,6 миң үй-бүлөгө каражат берилди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылы "Социалдык контракт" программасынын алкагында 10 миң 597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалган. Жыл аягына чейин дагы 2 миң 737 үй-бүлөнү камтуу каралган. Программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда.

Ошондой эле мониторингдин жыйынтыгында 59 миң 354 үй-бүлөнүн ичинен 321и ар кандай себептерден улам бизнес-долбоорун ишке ашыра албаганы аныкталган.

Мындай учурларда социалдык контрактты токтотуу маселесин комиссия карайт. Мыйзамда каралган негиздер болсо, тиешелүү чечимден кийин үй-бүлөнүн мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу калыбына келтирилиши мүмкүн.

Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана туруктуу киреше табууга шарт түзүүгө багытталган.