Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
475184781_1455620465396957_2788384154627902303_n.jpg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Социалдык фондунун кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема жөнүндө маалыматтар алынган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Социалдык фондунун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияларды чыгаруу максатында "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган.

Топтолгон далилдердин негизинде КР Социалдык фондунун аудит башкармалыгынын башкы аудитору Б.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.