Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп ачылды

Коом 6 октябрь 2026 13:10
Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда республика боюнча бир убакта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын катарында Бишкек шаарындагы Өскөн-Ордо конушунда курулган 750 орундуу жаңы мектеп да бар.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Өскөн-Ордо конушундагы мектеп — бул аймакта курулган алгачкы мектеп.

Үч кабаттуу мектеп имараты 750 окуучуга ылайыкталып, окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар каралган.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.